Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында 60 орундуу оорукана комплексинин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, оорукана замандын талабына ылайык курулуп, заманбап аппараттар менен камсыздалды. Объекттин курулушуна 88 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Оорукана комплексинин 1338 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратында, төрөт зал, жандандыруу бөлмөсү, операция залы, процедуралык бөлмөсү жана 2,3,4 […]Читать далее
Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жашыл экономика фондунан билдиришти. Фонддон маалымдашкандай, долбоордун суммасы дээрлик 1,6 млрд сомду түзөт. Долбоор президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында демилгеленген болчу. Чакан ГЭС 6,31 гектар аянтка Зардалы дарыясынын нугуна салынат. Иштер “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылат. Бул долбоор Баткен […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан 6 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-октябрда тоого эндиктин тамырын казып алууга кеткен 14 адам үйлөрүнө кайтып келген эмес. 16-октябрда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу боюнча Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан издөө-куткаруу иштери башталып, 8 адам аман-эсен табылган. Табылган жарандар тоодо кар көчкү жүргөнүн […]Читать далее
Бүгүн түнү саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу пункттарында […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда абал толук жөнгө салынып, жол тыгыны жоюлду. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка жана Арал постторунда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу транспортторго киргизилген чектөө күчүндө калтырылды. №9 Жол тейлөө ишканасы кошумча тартылган техникалардын жана жумушчу күчтөрдүн жардамы менен жолду тазалоо, кеңейтүү иштерин […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинде эки жерден таш кулап, жол убактылуу жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Арал – Казарман тилкесинин 270-271-чакырым аралыгына жаандан улам тоо бетинен таштар кулап, жолду жаап калган. Жолго түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3 миң куб метрди түздү. Ошондой эле Арал – Казарман участогунун 243-296-чакырым […]Читать далее
Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылында 101 турак үйдүн курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев менен биргеликте аталган айылга барышты. Өкүл алгач тийешелүү жетекчилер менен биргеликте Барак эсклавынан көчүрүлүп чыккан жарандарга курулуп жаткан турак жайлар менен таанышып, жакында аларды […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткендеги бир катар обьектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын жана жылуулук тармагын текшерди. Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен биргеликте Сүлүктү шаарындагы тараза көзөмөлдөө пунктуна барып, ташылып жаткан көмүрдүн сапаты, аларды онлайн режиминде көзөмөлдөө, таразага тартуу иштери менен жеринде таанышты. Андан кийин мэр министрди Сүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы […]Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолунун тоолу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жаткан. №9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын билдирди. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. “Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл […]Читать далее