Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери шаардын 2045-жылга чейинки даярдалып жаткан башкы планын талкуулашты. Шаарды кеңейтүүдө экономикалык, инфратүзүмдүк шарттарды эске алуу зарылдыгын белгилешти. Даярдалып жаткан башкы планга ылайык, Кара-Көл шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын Жаз-Кечүү, Кайынды, Жээн-Кыштоо […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунан Жалал-Абад шаарына кошулган 8 мектеп жана 2 бала бакчанын кышка карата даярдыгын, санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган бир катар кемчиликтер аныкталып, […]Читать далее
Күн мурун Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кенинде алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирип, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” компаниясы эксперименталдык өндүрүш ишмердигин баштады. Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, “Чайна Голд” компаниясынын президенти Ин Жан Бо мырза, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” ЖЧКнын өкүлдөрү, Нарын районунун тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл аксакалдары […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасында 22-октябрь саат 11:48де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Эркечтам айылынан түндүк-чыгышка карай 8 чакырым, Нура айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Көк-Суу айылынан чыгышка карай 18 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу пункту Эркечтам айылында жер […]Читать далее
Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер келди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Өзбекстандан келген Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов баштаган дарыгерлерди кабыл […]Читать далее
Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында, облустук ички иштер башкармалыгана 18 даана жаңы кызматтык унаалардын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты. Облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, милиция кызматкерлерин […]Читать далее
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 20-октябрь күнү саат 23:44тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 39° 25´с.ш.λ = 73° 40´в.д.) күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк […]Читать далее
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Кара-Суу бекетиндеги 242 млн 50 миң сомго бааланган жер тилке мамлекеттик менчикке кабыл алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелерине бүгүнкү күнгө чейин […]Читать далее
Бүгүн саат 13:00дө Чаткалда дайынсыз жоголгондорду издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт адамдан турган куткаруучулар тобу жеткирилди. Ведомстводон маалымдашкандай, коопсуздукту камсыздоо максатында алар үч адамдан турган звенодо иштеп, ар бирин коргоочу аркандары менен байланыштырып, иш алып барышууда. Жеринде аба ырайын көзөмөлдөө кызматкерлери (Гидромет) кар көчкү түшүү коркунучун баалап, куткаруучулар үчүн коопсуз жайгашуу аймактарын көрсөтүп […]Читать далее
Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы бүгүн саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Эскерте кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. 16-октябрда издөө […]Читать далее