2024-жылдын курулуш мезгилинде Талас облусунун аймагында 36 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда пландалган жолдун 26 чакырымына асфальт төшөлдү. Анын ичинде: Аманбаев-2ф – Лущихина (Молдо-Асан-Жоон-Дөбө) унаа жолуна 1км 700 метр асфальт төшөлүүдө. Учурда 2 км жол негизи даярдалып, асфальт төшөө күтүлүп жатат; № 19 Жол тейлөө […]Читать далее
Бүгүн Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 106 адам жана 9 дрон тартылып, издөө иши 07:00дө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Анын ичинде ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп, жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты. […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун аймагында 30-октябрь саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет.Читать далее
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ош башкы башкармалагында “Альфа” атайын багыттагы кызматынын өздүк курамын куттуктоо аземине катышты. Ташиев 32 жылдыгы белгиленип жаткан “Альфа” бөлүгүнүн элиталык аскер кызматкерлерин куттуктап, сөз сүйлөдү. Майрамдык иш-чарага УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктарынын жетекчилери жана өздүк […]Читать далее
Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Анын айтымында, жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун” ишке кириши менен таанышты. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводу 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулду. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, […]Читать далее
Күн мурун, 25-октябрда Нарын шаарында үч эм төрөлдү. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын шаарынын тургуну Алтынай Майрамбекова үч эм кызды жарыкка алып келди. Учурда эне менен кыздардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жаңы төрөлгөн наристелердин салмактары: биринчи кыз – 2 кг 320 гр, экинчи кыз – 2 кг 472 гр, үчүнчү кыз – 1 кг […]Читать далее
Кочкор районунда кинотеатрдын 21,4 млн сомго бааланган жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик, жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кочкор филиалында текшерүү жүргүзүлдү. Алсак, 1967-жылы Кочкор айылында 400 орундуу кинотеатр куруу үчүн 0,7 га жер […]Читать далее
Ош шаарына караштуу Озгур айылында республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан турган, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген. Мектептин […]Читать далее