Баткенде 405 адам сел кесепеттерин жоюуга тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Малаым болгондой, бүгүн саат 13:50гө карата Баткен районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар тартылып, калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылып жатат. ӨКМден жалпы 131 куткаруучу, ИИМден 47 миллиционер, “Тез жардам” кызматынан 35 медкызматкер, 4 бригада иштөөдө. Жергиликтүү тургундардан 150 […]Читать далее
Баткендеги сел каптаган тилкелерден 137 тургун эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен саат 01:30га карата жалпы 137 жаран, анын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Баткен району боюнча ӨКБнын өрт өчүрүүчү куткаруучулары эвакуциялоо иштерин жасап жатышат. […]Читать далее
Сел жүргөн Баткен жана Лейлек райондорунда ыкчам топтор иштеп жатат. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады. Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-июлда Баткен районунун тоолуу аймактарында жааган нөшөрлүү жаандан улам Айгүл-Таш – Согмент унаа жолунун 3-9-чакырым аралыгына, Баткен-Боз-Адыр унаа жолуна (чакырымы такталууда) сел суулары келип, жол убактылуу жабылган. Учурда жеринде ыкчам топ, ошондой эле […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев “Электр станциялар” ААКнын филиалы Ош электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш сапарынын жүрүшүндө энергетика министри Ош ЖЭБинин буу казандар цехинде номер 2-чи буу казандагы буу ысыткыч жабдууларын алмаштыруу иштери менен жеринде таанышты. Мындан тышкары, Ош ЖЭБнин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча трлук […]Читать далее
Бүгүн, саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Баткен облусунун Баткен районунда Айгүл-Таш – Согмент-Таян унаа жолунун 3-8 чакырымын кум шагылга толтуруп, жол каттам жабылган. Ошондой эле Кара-Булак а/а Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Баткен райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган. […]Читать далее
Ноокат районунун Байыш айылында 141 млн сомго “Ноокат алмасы” соода-логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Аталган логистикалык борбор “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган. Соода-логистикалык борбордун аянты 1140 чарчы метр, […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылы “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы менен “Кыргыз-Түрк К – НефтьГаз” ААКтын (Түркия) ортосунда мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, “Түндүк Сох” жана “Чонгара Галча” мунай кендери биргелешип иштетилет. “Кыргызтранснефтегаз” […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош электр тармактары ишканасынын РЭТтеринде болду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алгач министр Кара-Кулжа РЭТинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. 1965-жылы курулган РЭТтин эски имараты авариялык абалга келип, мындан ары пайдаланууга жараксыз болгондуктан, быйылкы жылы аталган РЭТтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана абоненттерди сапаттуу […]Читать далее
2024-жылдын 5-июлунда түнкү саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылындагы “Нептун” пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ысык-Көл району боюнча ӨКБдан 15 куткаруучу 2 мотопомпа, РИИБден 10 кызматкер, жергиликтүү башкаруу органдарынан 30 кызматкер жана 2 экскаватор менен 3 […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында жаңы көп фнукционалдуу турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы үйлөр эски аэропорттун оордуна курулууда. Бул жерде 20 блоктон турган 5 кабат жана 56 блоктон турган 9 кабат үй курулуп батирлердин саны 3000ден ашат. Курулуш иштери этап этабы менен жүргүзүлөт. […]Читать далее