Ош облусундагы шайлоо тилкелери өз убактысында ачылып, жарандар добуш берип жатышат. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, облуста 58 айылдык жана 3 шаардык кеңешке шайлоо өтүүдө, шайлоочулардын жалпы саны 783,390 жаранды түздү. Жалпы 492 шайлоо участкасы ачылып, иш алып барууда. Облустун аймагында жалпы депутаттык мандаттын саны 1541ди түзсө, анын ичинен аялдар үчүн бөлүнгөн квота […]Читать далее
Нарында эт, балык кластерлерин түзүү колго алынды. КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматыеын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Нарын облусунда эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин түзүү боюнча иштер жолго коюлду. Бүгүн, 13-ноябрда Нарын облусунун дыйкан-фермерлери үчүн өткөрүлгөн айыл чарба семинарында эт жана балык кластерлерин өнүктүрүү максатында КР […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан кайтарылган маданият үйүнүн жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 млн сомду түзөт. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2004-жылы социалдык жана муниципалдык объектилерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын […]Читать далее
Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Т.Зулпуев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, билим уясынын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Объекттин тендердик баасы 118 млн сомду түздү. Жаңы мектеп 275 окуучу орунга ылайыкталып, 3 блоктон турган 2 кабаттуу окуу корпустан, спорттук залдан […]Читать далее
Нарын облусунда айыл чарба кластерлерин, жеке ишкердикти өнүктүрүү, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 2025-жыл үчүн облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 450 миллион сом бөлүндү. Бул тууралүу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымады. Ишкердик ачам деген облус тургундары, айрыкча дыйкан, фермерлер долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык […]Читать далее
Баткен облусу боюнча жалпы 2465 га алма бак бар. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Быйылкы алынган түшүм 17420,9 тоннаны түздү. Бүгүнкү күндө ички базарларда 1 кг алма 25-30 сомдон, жерге түшкөн майда алмалар 1,5-2 сомдон сатылууда. 2692 тонна алма, 1 кг 50 сомдун тегерегинде Россия, Казакстан […]Читать далее
Токмоктогу “Радиозавод” АТКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарында жайгашкан жалпы аянты 1 гектар жана болжолдуу баасы 3 млрд сомдон ашык “Радиозавод” АТКсы мамлекетке кайтарылды. Токмок шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 15-апрелиндеги № 201 токтому менен «Радиозавод» АТКнын административдик имараты Ы.А.К.га сатылып, бүгүнкү күнгө […]Читать далее
Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген 845 млн 849 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “Э.А.Х” ЖЧКсынын автомектебине таандык аянты 5,5 га, базар баасы 845 млн 849 миң 503 сомдук жер тилкеси Талас шаарынын […]Читать далее
Баткенде арзан көмүр менен камсыздоо иши уланууда. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 7-ноябрынан тартып аймакта арзандатылган баада көмүр ташыла баштады. Учурда Сүлүктү шаарынын кенчилеринен макулдашылган баада алынган 230 тонна көмүр 6 сомдон жашоочуларга сатылууда. 13-ноябрга карата маалыматтар боюнча, жергиликтүү калк өзүн 65,9% (64,3 миң тонна) […]Читать далее
Токмок шаарындагы “Темирбетон” ААК мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттин менчигине кайтарылган “Темирбетон” ААКтын болжолдуу баасы 5 млрд 855 млн сомду түзөт. “Темирбетон” ААКиын акцияларынын 40%ы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок, көрсөтүлгөн үлүш “В.П” акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана […]Читать далее