Ысык-Көлдө сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөрдү каптаган. Ошондой эле Бостери, Бактуу-Дөлөнөтү айылдарынын бир нече көчөлөрүн жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптаган. Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын […]Читать далее
Бүгүн, 11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүргөн. ӨКМден билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, “Кыргыз Жол Курулуш” ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.Читать далее
Бүгүн, 10-августта саат 10:26да Кыргызстандын аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жердин силкинүүсү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 баллга чейин сезилген. Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга жеткен. […]Читать далее
Ысык-Көлдө жолдун боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ысык-Көл облусунда Барскоон – Каракол мамлекеттик автоунаа жол тилкесинин аймагына мыйзамсыз салынган майда жана чоң соода курулуштарды аныктады. Мындан сырткары, Жети Өгүз […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:12де өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда […]Читать далее
Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүү максатында жайкы лагерлер уюштурулду. Бул тууралуу Ош шапрынын мэриясынан маалымдашты. Жалпы 100гө жакын бала 10 күн бою “Жеткинчек” эс алуу жайында жана мектептер алдында уюштурулган лагерлерде атайын программа менен убактыларын пайдалуу өткөрө алышат. Эс алууда балдар педагог-тарбиячылардын жардамы менен окууга даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле аларга […]Читать далее
Кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуү Ош шаарынын мэриясы маалымдады. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык коммуналдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга төмөнкү […]Читать далее
Баткен облусунда алты айда 40 чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында облустун аймагында 2 миң 382 жумуш орун түзүлгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 413 жумушчу орунга көп. Бул жумуш орундары мамлекеттик, жеке менчик мекеме-ишканаларда, өнөр жай, анын […]Читать далее
Нарындын Куланак айылында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын районунда 6-августта саат 21:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүрүп, Куланак айылындагы 42 турак үйдүн короо жайларын, ички чарбалык жолдорду каптап, 1 чарбалык көпүрө жабыркаган. Жерине ӨКМден 5 куткаруучусу 1 мотопомпа менен тартылган. Алар 3 турак үйдүн короо […]Читать далее
Баткенде 1% менен насыя алуучулардын алгачкылары аныкталды «Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүктүрүү» экинчи долбоору, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражаттардын эсебинен, АРИС уюму “АгроВей” компаниясынын аткаруусунда жергиликтүү бийлик менен бирге ишке ашырып жатат. Долбоордун максаты, Баткен облусунун агросекторун өнүктүрүү болуп саналат. Долбоордун алкагында 700 млн.сом товардык насыя 1% өлчөм менен, 5-7 жылга чейин берилет. […]Читать далее