Раззаков шаарынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкесин мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Учурда бул жерде мейманкана бизнеси […]Читать далее
Талас облусунда төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусунун фермерлери негизинен төө буурчак (фасоль) өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы отуз жылдан бери селекция жана үрөнчүлүктүн жоктугунан сортту жаңылоо иштери жүргүзүлбөй, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен. “Бул көйгөйдү […]Читать далее
Нарын шаарына алынып келинген электр автобустар салтанаттуу тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Коомдук унаалар облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген “Нарын-реновация” долбоорунун алгачкы компоненттеринин бири. Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатындагы аракеттердин натыйжасында КР Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду аркылуу 7 жылга […]Читать далее
Баткенде быйыл 22 обьектин курулушун бүткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен, быйылкы жылы облуста 68 объекттин курулушу титулдук тизмеге кирген. Анын ичинен 29 объект капиталдык курулуш, 19 объект капиталдык оңдоп түзөө, 9 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу жана 11 объект […]Читать далее
Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Мындан улам, “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдардын алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы (иш […]Читать далее
Күн мурун тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссия курамы Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына жана кышка карата даярдыгын, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссия тарабынан кыдыруу учурунда айрым кемчилдиктер аныкталып, жеринде эскертүүлөр берилди. Алдыда мындай текшерүү улантылат. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 муниципалдык мектеп бар. 2024-2025-окуу жылына карата мектептердеги оңдоп-түзөө, […]Читать далее
Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак участкасында жайгашкан «Перити-Коал» көмүр казуучу ишканасынын тоо-кен байытуу комбинатынын ачылыш аземи болуп өттү. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты. Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өз сөзүндө тоо-кен байытуучу комбинат башка көмүр өндүрүүчүлөргө дагы өрнөк болорун, топтолуп калган көмүрдүн […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде жеке көзөмөлүнө алууда. Ведомстводон маалымдашкандай, Чолпон-Ата шаарында акыркы 3 күндүн ичинде эле нөшөрлүү жааган жаандан улам 2 жолу сел жүрдү. Кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак жана Жүдөмүш каналдарынан ашкан. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу, Четки-Долонотуу дарыяларынын суусунун көлөмү көтөрүлгөн. Натыйжада эки […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында кечээ кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан 1 турак бир үйдүн, 1 дүкөндүн короосуна кирген. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.Читать далее
Жалал-Абад облусунда бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бактияр Станбековдор катышты. Алгач Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплекси ачылды. Бул спорт спорт объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,5 млн сом бөлүнгөн. Андан […]Читать далее