Ошто жеке менчикке өтүп кеткен бир катар социалдык мекемелердин жердери муниципалдык менчикке кайтарыджы. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Алсак, Ош облустук жана Ош шаардык сотторунун чечимдери менен № 19 Шевченко, Т. Сатылганов атындагы мектептердин, № 18 “Айданек” бала бакчасынын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды. Ошондой эле № 6 Макаренко атындагы орто мектептин аймагына […]Читать далее
Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Жолчулар тарабынан жолду кардан тазалоо иштери аткарылууда, бирок ага карабастан каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Көр көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында аталган унаа жолдун […]Читать далее
Баткен облусунда быйыл 48,5 чакырым жол асфальтталып, 9,5 чакырым жаңы жол салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облуста республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жылдын 11 айында унаа жолдорду курууда 559,4 млн сомдук жумуш аткарылды. Анын ичинен 48,5 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү, 9,5 чакырым жаңы шагыл жол курулду. Учурда жаңы жолдорду салуу […]Читать далее
Кара-Сууда 120 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан КР жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ынтымак айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу жалпы 3,18 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги боюнча сот органдарынан чечимдер чыгып, бирок аталган жер тилкеси муниципалдык […]Читать далее
Эльчибек Джантаев III Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ош облусунун аймактарынан шайланган III Элдик Курултайдын делегаттары Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуунун алкагында аймактарда аткарылган иштерди көрүп, таанышып чыгышты. Делегаттар жаңыдан курулган Өзгөн айланма жолун жана Кара-Суу районунда “Евро […]Читать далее
Чүй облусунда тоо лыжа базаларында – “Төө-Ашуу”, “Орловка”, “ЗИЛ”, “Чуңкурчак” жана “Кашка-Сууда” кышкы туристтик сезонго даярдыкка мониторинг жүргүзүлдү. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, Төө-Ашуу базасында кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашып, үч жумадан бери иштеп эс алуучуларды кабыл алууда. Ал эми, Кашка-Суу бул жумада кардын аз катмары болгонуна карабай, кар замбиректери менен жасалма газон жасап, жолдорун ачты. […]Читать далее
Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан 189 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 га болгон З.Абдукаримов атындагы орто […]Читать далее
Бүгүн Ысык-Ата районунун Киров айылында май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү менен өсүмдүк майын өндүргөн заманбап жогорку технология менен жабдылган “Альфа” май заводу ачылды. Суу ресурстары, айыл чара жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, заводдун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министр Бакыт Төрөбаев катышты. […]Читать далее
Жыл башынан бери Баткен облусунда үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, учурда бала бакчаларда 676 бөбөк тарбияланууда. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга кызыкдар тараптарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттар каралган. Анда ишкерлер салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулат. Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 28%ы […]Читать далее
Ысык-Көлдөн 2600 метр тор алынып, эки браконьер кармалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Экологиялык жана техникалык козөмөл кызматынын жана Туристтик экологиянын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл көлүн браконьерлик синтетикалык торлордон тазалоо иштери боюнча рейддерди жүргүздү. Анын жыйынтыкта 2600 […]Читать далее