Күн мурун Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ак-Терек айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта, Тосой айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышта, Жийде айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Салам-Алик айылынан 22 чакырым түндүк-батышта жана Жалал Абад шаарынан 42 кчакырым түндүк-чыгышта орун алды. Калк жашаган […]Читать далее
Кадамжай районундагы жеке менчикке алынган социалдык объектилер жана айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүүнү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы социалдык инфраструктура объекттерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды. Тактап айтканда, […]Читать далее
Бүгүн, 25-декабрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Ачылуу аземине Чек ара кызматынын жетекчилиери, жергиликтүү башкармалыктарынын жана чек ара заставасынын өздүк курамы, жергиликтүү тургундар катышты. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып: “Мындан ары дагы кыргыз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Баткен шаарында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Атайын кызматтан маалымдашкандай, ал курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумушту тездетүү керектигин айтып, бир катар тапшырмаларды берди.Читать далее
Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы текшерилип, Бакай-Ата айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 28 миң чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан административдик доо арыз келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылды. […]Читать далее
Кара-Кулжа районунда 25 млн сомдук 50 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу болгон жалпы 50 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз дыйкан чарбанын менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган. Райондук […]Читать далее
Бүгүн, 19-декабрда саат 20:52де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Ысык-Көлдө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-декабрда кечки саат 20:46да Кыргызстанда очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Баткенде быйыл 21 социалдык обьекттин курулушу аяктады. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Баткен облустук курулуш башкармалыгы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жыл ичинде облус аймагында 71 обьектиде курулуш, оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү. 71 обьектинин ичинде 31 мектеп, 4 спорт комплекси, 7 балдар бакчасы, 6 административдик имарат, 3 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси, 4 таза суу […]Читать далее
Ошто жеке менчикке өтүп кеткен бир катар социалдык мекемелердин жердери муниципалдык менчикке кайтарыджы. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Алсак, Ош облустук жана Ош шаардык сотторунун чечимдери менен № 19 Шевченко, Т. Сатылганов атындагы мектептердин, № 18 “Айданек” бала бакчасынын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды. Ошондой эле № 6 Макаренко атындагы орто мектептин аймагына […]Читать далее