Бүгүн саат 11:32де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча, жер титирөө Ноокат районунун Чапаев айылынан батышка карай 3 чакырым, Фрунзе айылынан чыгышка карай 3 чакырым, Ноокат айылынан түндүк-чыгышка карай 5 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 32 чакырым […]Читать далее
Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан 392 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, КР Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар болгон жана наркы 392 млн 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Текшерүү […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясы 2025-жылдын 20-январынан тарта А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын эскертет. Муниципалитет соодагерлерди белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууну өтүнөт. Белгилей кетсек, аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат. “Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору […]Читать далее
Ош облусунда баасы 500 млн сомдон ашуун 32 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына […]Читать далее
Бүгүн саат 16:37де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Жер титирөө Токтогул районунун Жетиген айылынан түштүк-батышка карай 18 чакырым, Кетмен-Төбө айылынан түштүккө карай 25 чакырым, Токтогул шаарынан түштүк-чыгышка карай 45 чакырым жана Базар-Коргон районунун Көсө-Терек […]Читать далее
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүй облусунун аймагында 3 балл жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үнкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин (Косо-Терек айылынан 10 чакырым түндүк чыгышта, Кызыл-Үнкүр айылынан 15 чакырым […]Читать далее
Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн эртең менен молдо Кызыл-Кыя шаарындагы Аль-Гуфран мечитине азан чакырууга келип, ак шейшепке оролгон кичинекей эркек баланы таап алган. Аталган факты 2025-жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, учурда тактоо иштери жүрүп […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарынын борборундагы Аскер комиссариатынын аймагында жайгашкан 60 млн сомдук кыймылсыз мүлк объектиси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2001-жылы Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э.Т. Чолпон-Ата шаарынын башкы архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.А.нын жардамында жубайы С.А.М. аттуу жарандын наамына […]Читать далее
Лейлекте чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты суусуна “Белес” чакан ГЭСи курулду. “Белес-Суу” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган ГЭСтин кубаттуулугу 0,54 МВт. ГЭСке суу жеткирүү үчүн узундугу 2250 м болгон канал курулган. Объект саатына 0,54 МВт электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө […]Читать далее
Бүгүн Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана полиэтилен баштыгын жана желим бөтөлкөлөрдү ээритип, кум аралашмасы менен брусчатка чыгарат. Бул долбоордун алкагында 5 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бир айда болжолдуу 4500 даана брусчатка чыгарууну пландалып жатат. Долбоорго Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен […]Читать далее