Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагнасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Сокулук айылындагы борбордук стадиондун курулушуна старт берди. Капсула салуу аземинде УКМК башчысы бул жерде футбол стадиону гана эмес, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашарын белгиледи. Буга байланыштуу Камчыбек Ташиев Мамкурулушка Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен […]Читать далее
“Нарын мото” заводу өндүргөн продукцияларын сатыкка чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. “Нарын мото” заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда. Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов “DCASA – Кыргыз Республикасы” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн текшерүү максатында Баткен жана Ош облустарына барды. Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө бул аймактардагы социалдык объекттерде сапаттуу интернет-байланышка жеткиликтүүлүктүн деңгээли кыйла жакшыргандыгы айтылды. Долбоордун алкагында Баткен облусунда 227 калктуу конуштун 80%дан ашыгы, ал эми Ош облусунда 541 калктуу конуштун 431и […]Читать далее
Ат-Башыда 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ат-Башы токой фондусунун аймагында жер тилкесин өз алдынча басып алуу жана имараттарды жана башка курулмаларды мыйзамсыз куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча болжолдуу наркы 1 млрд 24 млн сомду түзгөн, жалпы аянты 161,82 га […]Читать далее
Бүгүн Чоң-Алай районунун “Кара-Мык” чек ара заставасында 50 орунга ылайыкталган жаңы “Байчечекей” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, чек ара заставасынын кызматкерлери жана жаңыдан ачылган бала бакчанын келечектеги тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Камчыбек Ташиев мамлекет чек арачыларга […]Читать далее
Баткенде жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-сентябрда саат 09:41де Баткен облусунун Баткен районунда жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Көк-Таш айылында 2,5 балл, Булак-Башы айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Күн мурун Ош шаарында үй тибиндеги эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун “Сулайман-Тоо” жана “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыктарында аталган программанын алкагында Ага-Хан фондунун “WE CARE: Аялдардын туруктуу ишмердүүлүгүнө шарт түзүү” долбоорунун көмөктөштүгү менен “Жетиген” жана “Жаннат” аталыштарында үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы болду. Ачылыш аземине Ош […]Читать далее
Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.Читать далее
УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш системалуу түрдө улантылууда. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, чогултулган материалдардын алкагында Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, базар баасы 920 млн.сомду түзгөн бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Тактап айтканда, 1996-жылы Токмок шаарындагы Манап бий көчөсү, 236 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу бала бакча комплекси, пайдалуу аянты […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка жана Кең-Суу айылдарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Имарат эки кабаттуу 947 чарчы метрди түзөт. Ал эми Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. Объекттин жалпы аянты […]Читать далее