Ысык-Көл районунда селден жабыркаган объектилер калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан калыбына келтирүү боюнча жумуштар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Садыр аке айыл аймагындагы “Кумбель” чарба аралык каналынын бир чакырымга жакын аралыгына кум шагыл толуп калган, учурда […]Читать далее
Бүгүн саат 08:00дө № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоого 7 талапкер ат салышууда: Лилиенталь Юлия Викторовна; Бегматов Бейшенбек Саматович; Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич; Кылычбаев Алтынбек Таирович; Арапбаев Асилбек Ормонович; Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович; Сапарбаев Медербек Мусаевич. Аталган округ […]Читать далее
Бүгүн №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча сырттан добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. №13 Сузак шайлоо округу боюнча 81 участкалык шайлоо комиссиясынын 15ине шайлоочуларга сырттан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 81 арыз берилген, анын ичинен: карылыгы боюнча – 32; майыптыгы боюнча – 22; […]Читать далее
Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү. Жыйында чек ара жана бажы кызматынын жетекчилери бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти. Облус башчысы Абдикарим […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 12 миң 713 “акылдуу эсептегич” орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу иштерин улантууда. Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун 1 […]Читать далее
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Өзгөн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык турак-жайды пайдаланууга тапшырды. УКМКдан билдиришкендей, бул турак жай 4 үй-бүлөгө ылайыкташкан жана жашоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Үй тапшыруу аземине УКМКнын ардагердери, жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чара Камчыбек Ташиев кийинки […]Читать далее
Балыкчы шаарындагы баасы дээрлик 289 млн сомдук ун чыгаруучу заводдун имараттары жер тилкелери менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Алсак, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызмат адамдары тарабынан ун чыгаруучу заводдун объектилерин мамлекеттин менчигинен алуу учурундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төмөндөгү объекттер мамлекеттин балансына кайтарылды: аянты 1 304 […]Читать далее
“Кызыл-Кыя машина куруу заводу” АТАКты мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Кызыл-Кыя машина куруу заводу” АТАКты жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 19-сентябрда саат 00:19да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тахталы тоолорунда, Көк-Бел айылынан 9 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Көк-Бел, Кетмен-Төбө айылдарында 3 баллга чейин сезилди.Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө – 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарлдыгын белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир […]Читать далее