Жалал-Абад облусунда нефтини кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, инвесторлор жаңы заводду курууга 400 млн доллар инвестиция салууда. “Жалал-Абадда нефтини кайра иштетүүчү чакан завод бар эле. Ошол жерге 400 млн долларга инвесторлор завод курганы жатат. Бул сумма дээрлик жарым миллиард долларга жетет. […]Читать далее
Жакында “Нарын” аэропортунун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жумушчу комиссиянын курамында аэропорттун расмий ачылышына даярдыгын текшерип барды. Иш-сапарда инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. “Бул аэропорт алыскы […]Читать далее
“Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркынын жеке пайдаланууга мыйзамсыз чыгарылган жерлерин жана участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында улуттук парктын 120 гектардан ашык аянты кайтарылды. Маалым болгондой, 2014-жылы “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркынын конкурстук комиссиясы тарабынан 49 жылдык мөөнөткө […]Читать далее
Сокулук районундагы “Эдельвейс” балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар “Эдельвейс” балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) туризм боюнча министрлер кеңешинин 9-жыйыны өттү. Анда 2025-жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Жыйынга Өзбекстан, Азербейжан, Түркия, Венгрия, Казакстан (онлайн) өлкөлөрүнүн туризм боюнча министрлери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты. Туризм боюнча министрлер кеңешинин […]Читать далее
Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра […]Читать далее
Ноокат шаарында 48 батирлүү үй мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады. Ош областынын прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0.48 га жер тилкеси менен биргеликте Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген. […]Читать далее
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды. УКМКнын маалыматына ылайык, «Кылмыштардын бириктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган тергөө материалдарынын алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик балансына болжолдуу наркы 681 млн.сомдон ашкан курулуштары менен, […]Читать далее
“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунунЖети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаева айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү сууменен камсыз болот. Долбоор Кыргыз Республикасынын Баткен […]Читать далее
Нарын облусунда бүгүн, 23-сентябрда саат 05:34тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кызарт жана Жумгал айылдарында 3 баллга чейин сезилди.Читать далее