Кадамжайда мыйзамсыз жер бөлүштүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына каршы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Прокурордук текшерүүдө аныкталгандай, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери КР Жер кодексинин жана өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн […]Читать далее
Ноокат шаарынын Ленин 3a көчөсүндө жайгашкан 308,12 чарчы метр жер аянты эки кабаттуу имараты менен биргеликте ыктыярдуу түрдө мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат мурда мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында Эски-Ноокат айыл өкмөтүнүн (азыркы Ноокат шаарынын) райборуна 600 орундуу клуб куруу үчүн 1,2 га […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул районунда жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептер, ошондой эле өндүрүш тармагындагы бир катар объектилер пайдаланууга берилет. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы окуу жылынын башталышына карата эки жаңы мектептин имараты ачылат. Алар: Өзгөрүш айылындагы №36 А. Ибраимов атындагы орто мектеби, республикалык бюджеттин эсебинен 86 млн сом бөлүнгөн; Арал айылындагы Тешебаев […]Читать далее
Бүгүн Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата инструктордук кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, ошондой эле өздүк курамы катышты. Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагында көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын жеринен текшерип, кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. Салтанаттуу майрам учурунда ар бир кызматкер өзүнө бекитилген аймагында […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнүндө жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иш-чараны утурлай Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖККК бөлүмүндө жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Анда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов, Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы Мирлан Боеновдун катышуусунда өткөрүлүп, облус аймагында орун алган […]Читать далее
Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагына жайгашкан Жаңы Достук айылынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, курулуштун жүрүшүнөн кабар алып, жол салуу, электр энергиясын жеткирүү иштерин жана социалдык объекттер курулуучу жайларды көрүп чыкты. Облус башчысы бардык […]Читать далее
Курулуш министрлиги тарабынан Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылында Н.Батыров орто мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Тендердик баасы 106 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 1141 чарчы метр болгон билим ордо 225 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусунан турат. Окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар каралып, заманбап технологиялык жабдуулар менен […]Читать далее
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш.Рысмендиев атындагы жаңы мектеп салынды. Курулуш иштери 2022-жылы башталып республикалык бюджеттен каржыланган. Тендердик баасы 119,6 миллион сомду түздү. Долбоор боюнча 375 орунга ылайыкталган мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спорт залынан турат. 1-сентябрда окуучулар жаңы мектепке барышат.Читать далее
Ош шаарынын А. Навои көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Реконтсрукциялоо иштеринен кийин бул көчө 6 тилкелүү болуп өзгөрдү. Узундугу 2,6 чакырым, кеңдиги 26 метр. Кыска убакытта жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, лоток жана жарыктандыруулар орнотулат.Читать далее
Суусамыр – Кегети ашуусундагы жол толугу менен калыбына келтирилип, жарандар жана туристтер үчүн ачык. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Токмок шаарынан түштүккө 60 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан Суусамыр – Кегети ашуусунда акыркы 30 жыл ичинде эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада Ысык-Ата, Чүй жана Аламүдүн райондорунун […]Читать далее