Кара-Сууда таза суу долбоорундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чайчи айылынын элин таза суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүүдө аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тарабынан “У.” ААКсы жана “А.Т.К.” ЖЧКсы иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштери кабыл алуу актыларына киргизилген. […]Читать далее
Ош облусунда эки көмүр кени ишке кирди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Ишкананын маалыматы боюнча, Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан Бешбурхан көмүр кени жылына 280 миң тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аталган кенге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы ээлик кылып, ички инвестор менен келишимдик өнөктөштүктө иш алып барат. Жалпы инвестициянын көлөмү 25 миллион АКШ долларын […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин маалыматына ылайык, Ош облусунун 112 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, 114 айылда тиешелүү иштерди келечекте жүргүзүү пландаштырылууда. 2025-жылга республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча Ош облусунун 86 айылында долбоорлор […]Читать далее
Бүгүн, 29-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нарын облусунда жалпы 15 ири социалдык жана өндүрүш объекттин онлайн ачылышы өтөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, даңыдан пайдаланууга бериле турган объекттердин катарына 7 социалдык мекеме жана 8 өндүрүш ишкансыа кирет. Алардын арасында мектептер, спорт залдар жана ишканалар орун алган. Нарын шаарында Ү. Асанов атындагы лицей-интернат капиталдык ремонттон […]Читать далее
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл өкмөтүндө “Коттон Текстиль Фэктори” ишканасынын базасында пахта кластеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында талаа күнү уюштурулду. Анда жергиликтүү дыйка-фермерлер менен жолугушуу болуп, аларды түйшөлткөн маселелер, быйылкы жылдын түшүмдүүлүгү жана өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо жаатында пикир алмашуу болду. Белгилей кетсек, Кара-Суу районунундагы 2025-жылдагы пахтанын түшүмдүүлүгү гектарына 3,5–4,0 тоннадан болушу күтүлүүдө. 1 тонна […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Президенттин жумушчу сапарынын жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтөт. Ошондой эле, 30-августта Президенттин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын салтанаттуу ачылышы болот. Объекттердин ачылышы КТРК, ЭлТР телеканалдарынын түз эфиринде жана социалдык […]Читать далее
Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен “Арстанбап” пансионатынын кызматтык үйү жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Гумкана айылындагы “Арстанбап” пансионатына таандык кызматтык турак жай жана 0,16 га жер тилкеси 2002-жылы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын буйругунун негизинде пансионаттын жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде наркы […]Читать далее
Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш паркында жана Нарын Мамлекеттик Жаратылыш коругунда желимге каршы бир катар иш-чаралар жасалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Саймалуу-Таш жаратылыш паркынын аймагына 4 даана желим таштандыларды чогултуучу атайын урналар орнотулган. Ошондой эле, Жаратылыш коругунун экобазасында эс алуучуларга жана чет өлкөлүк эковолонтерлорго полимердик пакеттерди жана желим буюмдарды колдонууга болбой […]Читать далее
Лейлек районуна караштуу Миң-Жыгач айылында 225 орундуу Жаш-Тилек орто мектебинин курулушу бүткөрүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, билим уясы 2023-жылы курулуп баштап, республикалык бюдеттен каржыланды. Мектептин жалпы аянты 1 259 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, компьютердик каласс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы каралган.Читать далее
Алай районундагы Гүлчө айылында мурда автобазага тиешелүү болгон административдик блоктор, ошондой эле жалпы аянты 036,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү тургун Гүлчө айылынын аймагында […]Читать далее