Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын күн тартибинде үч маселе каралды. Отурумга министрликтердин, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын өкүлдөрү офлайн-онлайн форматында катышты. Жыйындын күн тартибиндеги биринчи […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Либерал-демократиялык партиянын Башкы кеңешинин Төрагасы, Япониянын Парламентинин Өкүлдөр Палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты. Министрлер Кабинетинин Башчысы “Кыргыз Республикасы Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүштүрүүчү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы бул жолугушуунун негизги максаты болуп жаткан көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо экенин белгиледи. “Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карабастан, акыркы эки жылда өлкөбүздө экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда, ага ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн салымы бар. Ар бир […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди. “Жабдуулар, линиялар – баары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как” жана “Дальнее” сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Учурда “Как” уран калдыктары сакталган жайы жеринде рекультивацияланууда, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, туризм, социалдык-гуманитардык жана экологиялык тармактарда кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. МинКаб Төрагасы кыргыз-малайзиялык эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Орто-Алыш” жана “Башкара-Суу” суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты. Таанышуу маалында суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, андан улам борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы айтылды. […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев: Президент, жалпы Министрлер Кабинетинин атынан баарыңыздарды пластиктерге каршы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү көздөгөн”Ысык-Көлдү сактайлы” аталышындагы маалыматтык кампания болуп өттү. Белгилей кетсек, бул иш-чара Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында чыгарылган, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган жылдан бери Бишкек шаарындагы токтоп турган бир катар өндүрүш завод-фабрикаларды кайра жандандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Алгач МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан сегиз жылдан бери токтоп турган “Кыргызпластик” ЖЧКга барып, ишкананын алдыга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV Эл аралык форумуна катышты. “Саламаттык сактоо негизги социалдык тармактардын бири. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр чексиз экендигин жакшы билебиз. Бүгүн биз көптөгөн кыйынчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө туш болуп жатабыз. Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, урология дагы четте калбайт. Жаңы технологиялар жана диагностикалык ыкмалар […]Читать далее