Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдер кабыл алынды, ошондой эле “Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, медициналык буюмдарды маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтом жактырылды. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин токтому менен Жогорку окуу жайынан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, отурумда 2025-2029-жылдарга карата КР фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарынын долбоору каралып, талкууланды. Анда мамлекеттик бюджетте, ички дүң продукцияда акыркы жылдары көрсөткөн өсүү темпти кармап туруу жана жогорулатуу, ошондой эле келечекте өлкөдөгү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2024-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров BC Card Kyrgyzstan кыргыз-корей биргелешкен компаниясынын ачылыш аземине катышты. BC Card Kyrgyzstan компаниясы түштүк кореялык “BC Card жана Smartro” менен “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКнын алдыңкы компанияларынын өнөктөштүгүнүн натыйжасында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн финансылык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2025-окуу жылы үчүн президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров стипендианттарды президенттик стипендияга ээ болушу менен куттуктап, бул алардын талыкпаган эмгеги үчүн берилген татыктуу сыйлык гана эмес, ишенимдин жана жоопкерчиликтин белгиси экенине токтолду. Ал ошондой эле КР президентинин демилгеси […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сергей Местников менен жолугушуу өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россиянын алдыңкы аймактарынын бири менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Ноябрь айында Кыргызстанда Якутиянын маданият күндөрүн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Маектешкендер […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарды көрүп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Анда минкаб төрагасы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылында болду. Жабыркаган аймактардан кабар алган Акылбек Жапаров келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, жабыркаган чарбаларды кыдырып, учурдагы абалга жеринде баа берди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармада болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн заманбап шарттардын маанилүүлүгүн белгилеп, окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик коргонуу саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады. “Казарма – жөн эле имарат […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев республиканын аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жумушчу кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары онлайн/оффлайн форматында катышты. Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алдыда күтүлүүсү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Олег Гучгельдиев менен жолукту. Анда тараптар Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолуп, өзгөчө азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагына инновациялык ыкмаларды киргизүүгө багытталган долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу тууралуу […]Читать далее