Пекин шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун жолугушту Алгач минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын салттуу майрамы болгон – Күз ортосу майрамы, ошондой эле Кытайдын негизделгендигинин 75 жылдыгы менен куттуктады. Андан соң […]Читать далее
Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба, кайра иштетүү жана энергетика тармактарында иш жүргүзгөн бир катар компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Алгач “Zoomlion” компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда Кыргызстанда айыл чарба тармагын адистештирилген техникалары менен […]Читать далее
Пекинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын жыйыны өттү
Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жана Кытайдын коммерция министринин орун басары — Кытайдын эл аралык соода сүйлөшүүлөрү боюнча өкүлүнүн […]Читать далее
11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Атап айтканда, экономика тармактарынын келе жаткан жылытуу мезгилине даярдыгы, Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыздоо маселелери, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы маселелер жана милдеттер, курулуш тармагындагы учурдагы жана пландаштырылган долбоорлор талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдардын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болду, анда ондон ашуун маселе каралып, маанилүү чечимдер кабыл алынды. Алгач экономика жана финансы тармагында – Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонд тууралуу, контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү жобо тууралуу, казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик […]Читать далее
Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хуньмэй менен жолукту. Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев маектешине жакында эле жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылган “Бедел” өткөрүү пункту менен […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, интеллектуалдык потенциалы бийик жана өз кесиптик чөйрөсүндө ийгилик жараткан, профессионалдык ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн жарандарга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды. Акылбек Жапаров сыйлык алгандарга, алардын жетишкендиктери үлгү болоорун жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө стимул экенин белгиледи. Өлкөнүн экономикалык жана интеллектуалдык куч-кубатын чыңдоо боюнча алардын ишинин маанилүүлүгүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунун Тоң районунда шамал электр станциясын курууга капсула салуу аземине катышты. Инвестициялык долбоорду “Росатомдун кайра жаралуучу электр энергиясы” акционердик коому ишке ашырууда. Долбоорго ылайык 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясы курулат, пландалган […]Читать далее
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун эки тараптуу жолугушуусу болду. “Кыргыз-орус мамилелери абдан жогорку деңгээлде экенин белгилеп кетүү жагымдуу. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын олуттуу активдешүүсү байкалууда. Бүгүнкү форумда айтылган сөздөр жана көрсөткүчтөр буга далил. Мындан эки ай мурда Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу […]Читать далее