Кыргыз Республикасына жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи. […]Читать далее
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору жетектеген делегация
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жетектеген делегация менен жолукту. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтып, анын экономикалык, экологиялык, социалдык жактан […]Читать далее
Акылбек Жапаров “Газпромбанк” АКнын төрагасынын орун басары менен биргелешкен долбоорлорду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпромбанк” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы 22-мартта көп сандагы адам курмандыктарына алып келген “Крокус Сити Холлдо” болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты. Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик […]Читать далее
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгресси өтүүдө. Иш-чара көрүнүктүү окумуштуу жана клиник, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда. Министрлер кабинетинин башчысы конгрессти ачып жатып саламаттыкты […]Читать далее
Министрлер кабинетинин башчысы Чүйдөгү бир катар ишканалардын иши менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарында бир катар өнөр жай ишканаларында болду, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Министрлер кабинетинин башчысы Токмок шаарындагы «Центр Азия Табак» тамеки продукцияларын, таякчаларды жана электрондук тамекилерди чыгаруучу ишканага барды. Ишкананы ишке киргизүү 2024-жылы күтүлүүдө. Даяр продукция Кытай, Азия жана Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Заводдо […]Читать далее
Акылбек Жапаров “Кумтөр” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. “Калдыктарды акчага айландыруу” долбоорунун максаты – германиялык технологияны колдонуу менен ар кандай көлөмдөгү дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү, жарактан чыккан дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Яндекс” бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алды. Минкаб башчысы “өлкөнүн салык мыйзамдары дээрлик бардык бизнести масштабдуу кылууга мүмкүндүк берет” деп белгилеп, салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөөгө даяр инвесторлорго, өнүгүү үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады. Бул контекстте министрлер кабинетинин башчысы учурдагы колдонуудагы […]Читать далее
Акылбек Жапаров Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн сатып алынган заманбап жабдууларды тапшырды. Борборго эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы премиум класстагы “Азурион 7” ангиографиялык аппараты орнотулду. Жалпы суммасы 1,5 млн долларды түзгөн […]Читать далее
Бишкекте Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентгенхирургиялык борбордун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Борбор оор жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга ыкчам жогорку технологиялык жардам көрсөтүү үчүн толук цикл моделине негизделген “Ыкчам кардиология” программасын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Борбордун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинде кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты. МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Элчиге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык […]Читать далее