Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Талас шаарында борбордук парктын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда, ага 100 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн, анын 74,2 млн сому заманбап парк жабдууларын сатып алууга жумшалат. 2025-жылдын 31-августуна чейин иштерди аяктоо пландаштырылууда. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев парктын аймак үчүн маанисин баса […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында 900 орундуу мектептин курулушуна
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарында мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Аземге 900 орундуу окуу жайдын курулушун колдоого алган “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев да катышты. Иш-чарада МинКаб Төрагасы сөз сүйлөп, чогулгандарды мектептин курулушунун башталышы менен куттуктады. “Сөзүмдү Манас […]Читать далее
Данияр Амангельдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Алжирге (Алжир Элдик Демократиялык Республикасы) Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышуу үчүн иш сапарынын алкагында ИӨБ Президенти Мухаммед Аль-Джассер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашты. Данияр Амангельдиев […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Сауд Араб Падышалыгынын
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Сауд Араб Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын Башкармасынын Төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи баштаган делегация мүчөлөрүн кабыл алды. Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, делегациянын иш сапары кыргыз ишкерлери менен жакындан таанышууга, биргелешкен инвестициялык кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышуу үчүн Алжирге (Алжир Элдик Демократиялык Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) Президенти Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, инфраструктура жана жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо жаатындагы мындан аркы өз ара […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисянды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, ошондой эле экология, транспорт, туризм, миграция жана башка актуалдуу багыттардагы биргелешкен санариптик демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Минкаб төрагасы кыргыз тараптын Евразия өнүктүрүү банкы, Санариптик демилгелер фонду менен кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады. […]Читать далее
2025-жылдын 4 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62%га өсүп, 70,1 млрд сомду түздү, бул акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч. Бул сумманын 35,5 %ы республикалык бюджеттен каржыланган. Мындай маалыматтарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешменин алкагында билдирди. Минкаб төрагасынын айтымында, азыркы учурда 519 социалдык объект […]Читать далее
“Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары (УАЖК) Кристоф Камп менен жолугушту. Эдил Байсалов Кристоф Кампты жакында бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын УАЖК кеңсеси менен көп жылдык конструктивдүү жана туруктуу кызматташтыгын белгилеп, өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык […]Читать далее
Өлкөдөгү курулуштун темпи басаңдабашы керек, быйыл да 200дөн кем эмес социалдык объекттин курулушу аяктап, ишке кирсин. Курулуш министрлигине мындай тапшырманы минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө тапшырды. Ошондой эле финансы министрлигине тийиштүү каражатты кечиктирбей бөлүп туруу зарыл экендиги айтылды. Өз учурунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бул тапшырмалар аткарыла тургандыгын […]Читать далее
2025-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 1 100 километрден ашык жол салынат, мындан сырткары, 135 миң чарчы метр аянтта чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Минкабдын 4 айда аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешмеде айтты. Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2025-жылга карата 24,7 млрд сомго каржылоо каралганын, алгачкы 4 айдын ичинде 10,1 […]Читать далее