Беларуска болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларустун премьер-министри Александр Турчин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын кайрылуусунун тексти: “Урматтуу Александр Генрихович! Урматтуу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Биринчиден, Беларусь Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. […]Читать далее
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Тизме: – Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы макулдашуу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен […]Читать далее
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчинге меймандостукта жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-беларус мамилелеринин негизинде салттуу достук, көп кылымдык байланыштар жана өткөн убакытта биргеликте жасалган баатырдык эскерүүлөр турганын кошумчалады. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда […]Читать далее
Минкаб төрагасы менен Беларустун премьер-министри кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. МинКаб Төрагасы беларусь тарапка меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, боордош элдерди көп кылымдык байланыштар, жалпы тарыхый мурастар, тыгыз маданий-гуманитардык байланыштар байланыштырып […]Читать далее
Минскте Адылбек Касымалиев менен Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи өттү
Минск шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Жолугушуу аземинде мамлекеттик туулар илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү. Өкмөт башчылары бири-бири менен учурашып, тууга урмат көрсөтүшүп, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана премьер-министр Александр Турчин расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Саламдашуу […]Читать далее
Касымалиев Минскте Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. Аземден кийин Министрлер кабинетинин башчысы Минск шаарынын Октябрь районунун педагогикалык эмгек ардагерлер кеңешинин төрайымы Любовь Хвойницкая менен баарлашты. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого олуттуу салым кошуп келет. Жумаш Асаналиевдин […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду. Министрлер Кабинетинин башчысын Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев, ошондой эле Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. Алар Түбөлүк отко гүл коюшту. Жеңиш монументи […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларусь Республикасына келди. «Минск» улуттук аэропортунда министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевди Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды. Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилди. Расмий сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко, Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн […]Читать далее
Күн мурун, 27-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунда Барскоон – Бедел эл аралык унаа жолунда өлкөдөгү эң ири эки туннелдердин курулушунун башталышына расмий түрдө старт берди. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Бедел” көзөмөл […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жаңы автоунаа жана атайын техникалардын ачкычын тапшыруу аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, экология дүйнөлүк деңгээлдеги курч маселелерге айланганын, ошол себептүү жаратылышты, табиятты сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү ишин министрлик ийгиликтүү ишке ашырсын деген максатта жаңы атайын техникалар тапшырылып жатканын […]Читать далее