Министрлер кабинети кезектеги жыйынында 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын бекитти. Документ Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс кесепеттерди алып келүүчү атмосферага зыяндуу физикалык таасирлердин алдын алуу жана азайтуу максатында иштелип чыккан. Документти иштеп чыгуу зарылчылыгы соңку жылдары өлкөбүздүн борборунда атмосферага зыяндуу заттардын чыгышы бир […]Читать далее
Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим КР министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды. Документ […]Читать далее
Министрлер кабинети кезектеги отурумдун жүрүшүндө карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды бекитти. Атап айтканда, төмөнкүлөр бекитилди: Фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби – билдирүү; Карантиндик объекттер менен булганган карантинге алынган продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтаруу боюнча фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби; Карантиндик объекттер тарабынан карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынуучу объекттердин инфекциясынын жана (же) булгануусунун […]Читать далее
2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Тактап айтканда, Бишкек шаарында төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт: – 2024-жылдын 21-февралынан 26-февралына чейин 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө […]Читать далее
2024–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шаарларында креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ министрлер кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамды так аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды. Иш-чаралар планын өз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына жумуш сапары болуп өттү, деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы. Жумуш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Өкмөт башчылары кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, жакынкы жылдары 60 багыттагы продукцияны экспортко чыгаруу боюнча иштер күчөтүлөөрүн билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, экспорт тармагын өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, кайра иштетүү өнөр жай жана логистика тармактарында аткарыла турган иштерге токтолду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында буга чейин чийки заттын 10% […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют жана асыл тукум мал чарбачылыгы тармактарында аткарыла турган иштерге токтолду. Калктын ден соолугу маанилүү экенин айткан Бакыт Төрөбаев, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунда Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу боюнча долбоорду ишке киргизүүгө старт берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев бул кенди казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле экологияга, анын ичинде мөңгүлөргө тийгизген терс таасирин азайтаарын белгиледи. “Биз […]Читать далее