Бишкек, Жогорку технологиялар паркы, 2025-жылдын 26-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барды. МинКаб Төрагасы ЖТПнын жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгын көрдү. Анда ЖТПнын жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик тилде сүйлөгөн “Акылай” акылдуу колонкасы тууралуу маалымат берилди. ЖТПнын директору Азис […]Читать далее
Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө калктын социалдык аялуу катмарынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда жана бийик тоолуу райондордо […]Читать далее
Минкаб Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл
Министрлер кабинети Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону тиркемеге ылайык бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтом кылмыштарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин, кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарга мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү формаларында бир түрдүүлүктү жана толук чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принциптерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, КР […]Читать далее
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү маселелерине арналган видеоконференция форматында жыйын өткөрдү. Иш-чарага тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө өткөн туристтик сезондун жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы сезонго карата иш-чаралардын планы талкууланды. Эдил Байсалов туризм экономиканын өсүшүнө жана өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөөгө салым кошкон маанилүү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин телефон аркылуу сүйлөштү. Адылбек Касымалиев Александр Турчинди Беларустун премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Министрлер кабинетинин төрагасы эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экендигин билдирди. Тараптар 2025-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча […]Читать далее
Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чарага МинКаб Төрагасы
Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы аянтында өткөн майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандарды жаз майрамы менен куттуктады. “Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу […]Читать далее
Адылбек Касымалиев республикалык бюджеттен Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы жумуш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча жеринде маалымат алды. Алсак МинКаб башчысы “Кара-Балта жол курулуш” муниципалдык ишканасына барды. Бул ишканага Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун эсебинен асфальт-бетон чыгаруучу заводду куруу, жол белгилерин жасоочу жана таш майдалоочу […]Читать далее
Кыргызстан менен Беларустун ортосунда 2025-2027-жылдарга кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планына
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда 2025-2027-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планына (“Жол карта”) кол коюлду. Кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак видео-конференц байланыш аркылуу кол коюшту. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрктүн жолугушуусу болду. Баарлашууда МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине токтолуп, акыркы төрт жылда жарандардын жашоо деңгээли бир топ жогорулаганын, мыйзамдуулукту куруудагы, бекемдөөдөгү жана уюшкан кылмыштуулукту жоюудагы ийгиликтерди белгиледи. Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапар менен Чүй облусуна жумуш сапары менен барды. Анан алкагында МинКаб башчысы Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагындагы “Чайна Петроль компани “Джунда” заводун реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Белгилүү болгондой, модернизациялоо долбоору аяктап, толук кубаттуулукка чыккандан кийин завод Кыргызстандын ички рыногунун керектөөлөрүнүн 40% дан […]Читать далее