Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген делегация Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы стихиялуу мемориалга барып, 2024-жылдын 22-мартында террордук чабуулда курман болгондордун элесин эскерди. Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 101-жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен келген.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Вуну кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушууда тараптар энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, климаттын өзгөрүшү, турак-жай саясаты жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун биргелешкен долбоорлорун талкуулашты. Маектешүүдө, Камбар-Ата №1 ГЭСинин курулуш долбоорун ишке […]Читать далее
2024-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Кыргызстанда 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында электр энергиясын өндүрүүчү катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземинде сүйлөп жатып билдирди. “Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, анын алкагында Кыргызстанда 100 […]Читать далее
Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушу башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер кабинетинин башчысы акыркы жылдары борбордо экология маселеси курч болуп жатканын белгиледи. Эки жылдан бери шаардын абасын булгоочу стационардык булактарды жоюу боюнча […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилерди кыдырды. Алсак, Минкаб башчысы Нарын районундагы Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышты. Обьектиде 356 га аянтты түзгөн суу сактагычтын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүп, гидротехникалык курулуштардын бардык участокторунда жер жумуштарынын көлөмүнүн жарымынан көбү бүткөрүлгөн, гидроэнергетика жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасына жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жетектеген делегация менен жолукту. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтып, анын экономикалык, экологиялык, социалдык жактан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпромбанк” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы 22-мартта көп сандагы адам курмандыктарына алып келген “Крокус Сити Холлдо” болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты. Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик […]Читать далее
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгресси өтүүдө. Иш-чара көрүнүктүү окумуштуу жана клиник, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда. Министрлер кабинетинин башчысы конгрессти ачып жатып саламаттыкты […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарында бир катар өнөр жай ишканаларында болду, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Министрлер кабинетинин башчысы Токмок шаарындагы «Центр Азия Табак» тамеки продукцияларын, таякчаларды жана электрондук тамекилерди чыгаруучу ишканага барды. Ишкананы ишке киргизүү 2024-жылы күтүлүүдө. Даяр продукция Кытай, Азия жана Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Заводдо […]Читать далее