Министрлер кабинетине караштуу үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо боюнча улуттук кеңеши түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Улуттук кеңешти түзүүнүн максаты социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чыңдоого, гендердик басмырлоого жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган […]Читать далее
Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде экономикалык өсүш жана туризм үчүн жаңы горизонтторду ача турган, жол жүрүү убактысын олуттуу кыскартуучу Алмата-Ысык-Көл автожолун куруу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы автомобиль өткөрүү пункттарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты. Ал өз сөзүндө жаңы муунду тарбиялоодо жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөдө адабияттын орду чоң экенине токтолуп, балдар адабиятынын өзгөчө маанисин белгиледи. Акылбек Жапаров ата-энелерди күн сайын уктаар алдында балдарына кеминде 15 мүнөт китеп окууга бөлүүгө чакырды. «Окулган […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Ош облусунун экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча жыйын өткөрүлдү. Мамлекеттик ведомстволордун облустагы өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери катышкан жыйында, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы угулуп, андан […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев Өзгөн районунда пилоттук режимде административдик-аймактык реформа боюнча жыйын
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жыйын өткөрдү. Белгилей […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель фондунун Эл аралык кызматташтык институтунун директору доктор Сюзанна Лютер жана фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы доктор Макс Георг Майер менен жолугушту. Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисине Кыргызстандын мамлекеттик кызматына жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөн жылдарда 2,5 миңден ашууну […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында президенттин “КР министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндөгү” жарлыгына ылайык жыйын өткөрдү. Белгилей кетсек, аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө экономика, тоо-кен, каржы жана инвестиция тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда Акылбек Жапаров энергетика, транспорт жана ирригация тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн маанилүү фактор экенин айтып, колдоо көрсөтүү жана каржылоо боюнча Европа […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Соода-экономикалык кызматташуу, маданий байланыштарды чыңдоо жана миграция чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Минкаб башчысы эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүнүн […]Читать далее
Акылбек Жапаров Сиандын Элдик саясий консультативдик конференциясынын партиялык тобунун төрагасы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарындагы Элдик саясий консультативдик конференциясынын партиялык тобунун төрагасы Ван Цзидэ менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуусу активдүү өнүгүп жатканын, өзгөчө 2024-жылы биргелешкен масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып, абдан жемиштүү болгонун белгилешти. Маселен, үстүбүздөгү жылы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктунун биргелешип ачылышы, […]Читать далее