Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкекте жаңы көп функционалдуу комплексти куруу үчүн мезгил кутусун салуу аземине катышты. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мезгил кутусу салынган жерге үч мунарадан турган заманбап 21 кабаттуу комплекс куруларын, анда коопсуздукту, ыңгайлуу логистиканы жана жагымдуу көрүнүштү камсыз кылган алдыңкы технологиялар колдонуларын баса белгиледи. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүгүү иштери боюнча министрлигинин Мамлекеттик катчысы Стивен Даути менен жолугушту. Тараптар кыргыз-британиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Тараптар акыркы […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Германия жана Австриянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Германия жана Австриядагы Ардактуу консулдары, ошондой эле Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин германиялык бөлүгүнүн тең төрагасы Клаус Элердинг башында турган германиялык бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Адылбек Касымалиев конокторду тосуп алууда Германия жана Австрия менен өз ара мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин […]Читать далее
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын Борбордук Азия боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Тараптар кыргыз-британиялык соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына британиялык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Конструктивдүү маектин жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө тиешелүү маселелердин кеңири спектрин талкуулашты. Эки тараптуу негизде да, Борбордук Азиянын регионалдык форматынын алкагында да өз […]Читать далее
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана өрттөн келип чыккан материалдык зыянды азайтуу, адамдарга өрт жөнүндө өз убагында кабарлоо жана аларды ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн өрттөн коргоо максатында кабыл […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Сооронбай Жусуев – бүткүл өмүрүн, талантын эл-журтуна арнаган
Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. “Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл […]Читать далее
Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору бекитилди
Министрлер кабинети Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган документтин максаты – жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын белгилөө, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, анын ичинде туруктуу каржылоонун эл аралык […]Читать далее
Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо
Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жобонун негизги максаты: – Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана […]Читать далее
Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны Эверестти ийгиликтүү багындырышы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады. Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын билдирип, анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун […]Читать далее