Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолукту. Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Малайзияны бекем достук байланыштары, жалпы дин жана окшош салттар байланыштырган боордош мамлекеттер экенин белгиледи. “Сиздин Кыргызстанга жасаган тарыхый сапарыңыз биздин өлкөлөр ортосундагы жигердүү кызматташууну кайра жандантуу үчүн баштапкы кадамы болуп саналат. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Ошентип, жумушчу топ «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китебинин автору, Мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү боюнча алдыңкы эл аралык консультант Ари Покканы кабыл алды. Белгилей кетсек, мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси Ари Покка Кыргызстанга өзүнүн кыргыз тилине которулуп, басылып чыккан «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары, Италия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген италиялык делегацияны кабыл алды. Тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эл […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Эдил Байсалов аны ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө дайындалышы менен куттуктап, кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ал белгилегендей, Кыргызстан ЮНИСЕФтин социалдык саясат жаатындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалайт. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын аймагында түрк компаниясы тарабынан тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат. Ал үчүн бүгүн кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, ал эми түрк тараптан Түркия Республикасынын “Akplas Plastik San. Ve Tic. A.S.” […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекеттик органдарда алгылыктуу рефомалар жүргүзүлүп, анын ичинде техникалык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Балыкчы шаарын өнүктүрүү планын талкуулаган жыйын өткөрдү. Өнүктүрүү планына ылайык, муниципалдык мейманкананы реконструкциялоо, асфальт-бетон жана темир-бетон заводун куруу, мурдагы ресторандын имаратында 150 орундуу бала бакча куруу, заманбап көркөм сүрөт галереясын, IT китепканасын түзүү, шаардын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, шаар […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Михаил Мишустинге Россия өкмөтүнүн төрагасы кызматына кайрадан дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. “Сиздин жогорку ишмердүүлүгүңүз жана жеке сапаттарыңыз Россия Федерациясынын мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө жана россиялыктардын жыргалчылыгынын өсүшүнө багытталган пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөт деп ишенем. Биздин элдерди байланыштырып турган кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар союздук мамилелердин кыргыз-орус стратегиялык […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы суу алуучу жайдын ачылыш аземине катышты. «Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди Чолпон-Ата шаарынын суу менен камсыздоо тутумунун реабилитацияланышы жана ишке кириши менен куттуктайбыз. Бул тазалоочу жай […]Читать далее