Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралып, өзгөчө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Катар кайрымдуулук (Qatar Charity) фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар гуманитардык жардам жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Адылбек Касымалиев жарандардын жашоосун жакшыртууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук демилгелерин колдоонун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту. Акылбек Жапаров француз тарапты Парижде жайкы Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул оюндар Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый болуп калганын, Кыргызстандын командасы 6 […]Читать далее
Кыргызстандын калкынын 82%ы бийлик органдарынын жүргүзүп жаткан иштерди колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон кеңейтилген жыйында билдирди. Анын айтымында, эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүүдө жана сезүүдө. “Бизден темирдей эркти, дыкат тартипти, кынтыксыз эмгекти, чыныгы чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту жана тарыхтын агымын өзгөртө турган иш-аракеттерге даярдуулукту талап […]Читать далее
Кыргызстан акырындык менен атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү мамлекеттердин башка “лигасына” өтүп бара жатат, ошого жараша эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү да сөзсүз түрдө өзгөрөт, деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон жыйында. “Мен ар дайым сандарды окуп, туура тыянак чыгара билүү — бул биздин мындан аркы ийгиликтерибиздин […]Читать далее
Учурдагы реалдуулуктун чегинен чыгуу зарыл болгон мезгил келди, Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр өлкө катары Кыргызстан өзүн дүйнөгө чоң амбициялары бар, түптөлгөн өлкө катары билдирүүгө тийиш. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров пезиденттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда билдирди. Минкаб төрагасы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн КР ппрезидентинин администрациясынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Администрациянын ишинин негизги аспектилерине токтолуп, мыйзамды так сактоонун жана аткарылган иш үчүн жогорку жоопкерчиликтин зарылдыгына токтолду. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен болгон кеңейтилген аппараттык жыйындын жүрүшүндө “Эч кимдин мүдүрүлүүгө акысы жок, артка кайтууга жол жок. Олку-солку болууга жана коркууга орун жок. Сиздер эртеңки күндүн ачкычын өзүңүздөрдүн колуңуздарда кармап турасыздар, биз жаркын жана стабилдүү келечектин эшигин ачууга милдеттүүбүз”, […]Читать далее
Министрлер кабинети “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ президенттин “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Анда ар бир жетим бала үчүн 18 жашка толгондо “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин акчалай […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов JDS (Japanese Development Scholarship) долбоору боюнча Япониянын жогорку окуу жайларына окууга тандалып алынган стипендианттары менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки катышты. Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча […]Читать далее