Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кант цемент заводундагы жаңы линиянын курулушун баштоо салтанатына катышты. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев заводдун клинкерлер боюнча жаңы линиясынын курулушунун башталышы куттуктап, өндүрүштүк кубаттуулуктар кеңейген сайын мамлекеттин өнөр жай кубаттуулугу да жогорулагандыгын, ар бир завод-фабрика, ишкананын иштеп жана өнүгүп кетишине эң ириде мамлекет кызыктар экенин белгиледи. […]Читать далее
Акылбек Жапаров Чүйдөгү жеңил унааларды чыгаруучу заводдун тезинен ишке киришине
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» женил автомобилдерди куроо жана чыгаруу боюнча заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Завод Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, бул инвестициялык долбоор автомобиль тармагын өнүктүрүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылат. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга […]Читать далее
Акылбек Жапаров алтынды өлчөөчү куймаларды чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында алтынды өлчөөчү куймаларды чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, заводдун курулуш иштерин ушул жайда бүтүрүү пландалууда. Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле токтоп турган молибден чыгаруучу цехтин абалы менен таанышты. Андан тышкары, Акылбек Жапаров Москва районундагы 100гө адам иштеген […]Читать далее
Акылбек Жапаров “Дан” мамлекеттик ишканасынын инвестициялык долбоорлору менен таанышты
Министрлер кабинетинин трагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы “Дан” мамлекеттик ишканасына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал өндүрүш цехтери, инвестициялык долбоорлор жана ишкананы өнүктүрүү жана модернизациялоо пландары менен таанышты. Алсак, толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу жана товардык продукциянын ассортиментин чыгаруу максатында ишкана тарабынан көп кабаттуу тегирмен комплексин […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Балтадагы “Джунда” мунай иштетүүчү заводуна барды
Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Джунда” мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда. Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда. Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Open AI компаниясынын вице-президенти Арка Дар менен жолукту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, өкмөт жасалма интеллектти өнүктүрүү менен алектенген кыргызстандык стартаптарды тийиштүү деңгээлде колдойт. Ал кыргыз тилин таануу жана тилди мындан ары өнүктүрүү үчүн жасалма интеллект даярдоо максатында өткөн жылы суперкомпьютер алынганы тууралуу айтып […]Читать далее
Акылбек Жапаров Өнүктүрүү институттарын Айыл чарба министрлиги ишке ашыра турган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Отурумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан жакынкы жылдары 11 тармак боюнча 100 ири бизнес долбоор […]Читать далее
Министрлер кабинети 2023-жылга карата министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыгын чыгарды. Мамлекеттик органдардын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын деңгээлин баалоо методикасына ылайык жүргүзүлдү. 2023-жылга пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында методология төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү: “эң жакшы” деген баа – 16 мамлекеттик орган татыды (2022-жылы 9 […]Читать далее
Акылбек Жапаровго Бишкектин инфраструктуралык жана архитектуралык долбоорлору тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Бишкек башкы архитектурасында» жыйын өткөрдү. Жыйындын алкагында инфраструктуралык жана архитектуралык долбоорлор сунушталды. Алсак, жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чечимдер, анын ичинде “акылдуу паркинг” системасын киргизүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, диагоналдык жөө өтмөктөрдү, транспорт түйүндөрүн түзүү, велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, асма жолдорду куруу, […]Читать далее
МинКаб төрагасы Бишкек шаарынын мэриясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жол транспортунун абалы, жүргүнчүлөрдүн агымы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана «акылдуу» светофор жөнгө салуусу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасына ишке киргизилген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган тутумунун (АТКС) жана автотранспорт каражаттарынын видеодетекторлор системасынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган […]Читать далее