Алдыда жарым жылдын жыйынтыгы боюнча бардык жетекчилердин ишине баа берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, жигердүү, натыйжалуу жана эң башкысы биргелешип шайкеш иштөө бардык министрлер, жетекчилер үчүн абдан маанилүү. “Саламаттык сактоо тармагында болгон окуя жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинде орун алган […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Минкаб төрагасы министрлер кабинети тарабынан ишкердикти колдоого багытталган ар тараптуу комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекитилди, ага ылайык ишкерлерге арзан насыялар берилет. Мамлекет кредиттер боюнча […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Улуттук өнүктүрүү программасы жактырылгандан кийин президенттин кол коюсуна
Ынтымак Ордодо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун кароо, үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштер боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында кеңейтилген кеңешме болуп өттү. Кеңешмеде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөбүздүн өнүгүү жолун аныктап берген, мамлекеттик саясатты негиздөөчү, улуттук деңгээлдеги эң маанилүү стратегиялык документтин мазмуну жана негизги багыттары менен тааныштырды. […]Читать далее
Еврокомиссия Кыргызстандын “кара” тизмеден чыгуу боюнча иштерине жогору баа берди
Европа комиссиясы Кыргызстандын Евробиримдиктин учуулардын коопсуздугу боюнча “кара” тизмесинен чыгуу багытында жасалган иштерине жогору баа берди. Бул тууралуу маалыматты минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 4 ай ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмедеги баяндамасында билдирди. Анын айтымында, ушул май айында Брюсселде авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары ийгиликтүү коргоодон өттү. “Жыйынтыктоочу аудитти быйылкы жылдын декабрында өткөрүү боюнча алдын ала […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүү жана масштабдуу энергодолбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди. Минкаб төрагасы 2025-жылдын 31-мартында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда CASA-1000 долбоорунун жаңы этабы ишке киргенин айтып өттү. Эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирген […]Читать далее
Касымалиев: 2025-жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн жогорку темпи сакталууда
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Минкаб төрагасы позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп, экономиканын өсүшүнүн жогорку темпи сакталып жатканын баса белгиледи. “2025-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 442,4 млрд сомду түздү. Экономиканын реалдуу өсүү темпи 11,7 % түздү. ЕАЭБге мүчө […]Читать далее
Минкаб 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасы улуттук деңгээлдеги бул стратегиялык документ өлкөбүздүн орто мөөнөттүү өнүгүү жолун тактап, мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналарын айтты. “Программанын негизги миссиясы – биздин жарандарыбызга татыктуу шарттарды түзүп, бакубатчылыгын жогорулатуу. Документте өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырган өзгөчөлүктөрүн, […]Читать далее
Данияр Амангельдиев британиялык UKEF экспорттук-кредиттик агенттигинин Башкы аткаруучу директору Тим
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында британиялык экспорттук-кредиттик агенттиктин (United Kingdom Export Finance) Башкы аткаруучу директору Тим Рейд менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан үчүн ачылган жеңилдетилген кредиттик линиянын алкагында айыл чарба тармагында жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкекте жаңы көп функционалдуу комплексти куруу үчүн мезгил кутусун салуу аземине катышты. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мезгил кутусу салынган жерге үч мунарадан турган заманбап 21 кабаттуу комплекс куруларын, анда коопсуздукту, ыңгайлуу логистиканы жана жагымдуу көрүнүштү камсыз кылган алдыңкы технологиялар колдонуларын баса белгиледи. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүгүү иштери боюнча министрлигинин Мамлекеттик катчысы Стивен Даути менен жолугушту. Тараптар кыргыз-британиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Тараптар акыркы […]Читать далее