CASA-1000: Кыргызстанда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100%га аткарылды

 CASA-1000: Кыргызстанда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100%га аткарылды

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100%га аткарылды. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактар” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, азыркы учурда аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Ошентип, тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды, же 1243 тирөөч орнотулду.

 

“Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат, бул иштердин аткарылган көлөмү 76%ды түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

 

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Связанный пост