Былтыр Ысык-Көл облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылган

 Былтыр Ысык-Көл облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылган
2023-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында жаӊы 34 өнөр-жай ишканасы түзүлүп, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 494 адам жумуш менен камсыз болгон. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Облус жетекчинин айтымында бул ишканаларды ишке берүү үчүн 605 млн сомдук инвестиция өздөштүрүлгөн.

Связанный пост