Былтыр «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 1 млн 323 миң тонна көмүр казды
нергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өткөн жылы планда каралган 750 миң тонна көмүрдүн ордуна жалпысынан 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды.
Калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында борборубуз Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган. Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн тоннага болгон баасын 2500 сомдон 5000 сомго чейин аныктап, калкка сунуш кылынды. Баа туруктуу кармалууда.
Мекеменин негизги көмүр карьери Кара-Кечеде иш ирээтке келтирилип, 28 видеокөзөмөл орнотулуп, электрондук кезек шлагбауму ишке киргизилди. Негизи Кара-Кечедеги чыр-чатактын баардыгы кезектен улам чыгып келген. Жыйынтыгында айдоочулардын кезекке туруу маселеси ирээтке келтирилди.
2024-жылдын 1-январынан тартып, коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоо максатында Кара-Кечеде накталай эмес төлөмдөр же электрондук төлөмдөр ишке киргизилди.
Буга чейин ишканада 1 лицензия менен Кара-Кече көмүр кени гана иштеп келсе, соңку жылы кошумча чалгындоо жана көмүр кенин иштетүү үчүн 16 лицензия алынды.
Инвесторлор менен иш алып баруу жолго коюлду. Карьерлерде тоо-кен тармагына ылайыкталган 120 оор техника иштеп жатат.
Жумушчуларга бардык шарттар түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Кара-Кечеде көмүр казуу иштери толугу менен жүргүзүлүүдө. Көмүргө болгон тартыштык жок. Отун базаларында арзан көмүр жеткиликтүү жана каалаган адам барып сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар.