Быйыл ЖОЖдорго дээрлик 39 миң абитуриент кабыл алынды
Быйыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 38 миң 915 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 8 миң 222 абитуриент гранттык, 31 миң 30 абитуриент келишимдик негизде билим алмакчы.
“Быйылкы кабыл алуу өнөктүгү 15-июлдан 25-августка чейин алты тур менен өткөрүлдү. Кабыл алуу мезгилине жылдагыдай эле 10 миң гранттык орун бөлүнгөн. Быйыл орто кесиптик окуу жайларга, колледждерге дагы жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде кабыл алынды. 10 миң гранттык орунга 8 миң 222 абитуриент кабыл алынып, бүгүнкү күндө буйруктары чыгып, окуусун башташат”, – деди ал.
Маалыматка ылайык, өлкөдө учурда 85 жогорку окуу жай иштейт. Анын 30у мамлекеттик, 55и жеке менчик жогорку окуу жайлар.
2026-жылдын март айына карата статистикалык маалымат боюнча, өлкөнүн жогорку окуу жайларында 234 миң 167 студент билим алууда. Алардын 22 миң 749у гранттык, 211 миң 418и келишимдик негизде окуйт.
Студенттердин 164 миң 279у бакалавриатта, 15 миң 366сы магистратурада, 54 миң 522си беш жылдык адистик программаларда билим алууда.
Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө мамлекеттик деңгээлдеги бир катар ири иш-чаралар өткөнүнө байланыштуу жаңы окуу жылы 15-сентябрдан башталды.