Быйыл Ысык-Көлдө 27 соцобъектини пайдаланууга берүү пландалууда

 Быйыл Ысык-Көлдө 27 соцобъектини пайдаланууга берүү пландалууда

Быйыл Ысык-Көл облусу боюнча 27 социалдык объектини пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда облустун аймагында жалпы 43 социалдык объектте курулуш иштери жүргүзүлүп, дагы 11 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Ошондой эле 6 айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери аткарылууда.

Белгиленгендей, аталган курулуштардын бардыгы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Связанный пост