Быйыл Ысык-Көл облусуна 1,3 млн турист келип эс алган

 Быйыл Ысык-Көл облусуна 1,3 млн турист келип эс алган

Бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жайкы туристтик сезондун жыйынтыгын талкууланды.

Облус жетекчисинин маалыматында, быйыл Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келип эс алган.

«Биздин аймактагы туристтердин саны өсүп жатканын байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогоруу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе бул экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл», – деп белгиледи облус жетекчиси.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 1127 конок үйү бар.

Связанный пост