Быйыл Таластагы “Акылман” президенттик лицейи эшигин ачат

 Быйыл Таластагы “Акылман” президенттик лицейи эшигин ачат

Талас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейи жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева лицейдин ачылышына даярдык иштери менен таанышкан учурда маалым болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр окуу жайга педагогдорду конкурстук негизде тандоого жана билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Лицейдин Таластагы филиалы жаңы окуу жылында 7-8-класска кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Жалпы окуу жай 920 окуучуга ылайыкталып, 168 орундуу жатакана менен камсыздалат.

Связанный пост