Быйыл Ош облусунда 101 миңге жакын акылдуу эсептегич орнотулат

 Быйыл Ош облусунда 101 миңге жакын акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Ош облусунун аймагына 100 миң 850 даана акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

  • Маалыматка ылайык, учурда энергетиктер тарабынан акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.

Ош облусу боюнча акылдуу эсептегичтерди үч районго бөлүштүрүлгөн:

  • Араван РЭТ – 27 000 даана;
  • Ош шаары – 27 850 даана;
  • Өзгөн району – 46 000 даана.

Белгиленгендей, 2024-жылы Ош шаарынын Батыш аймагындагы жер үйлөргө эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүткөн. Быйылкы жылы болсо Чыгыш аймактагы жер үйлөргө толук орнотулуп бүтөт. Араван жана Өзгөн райондорундагы калк абоненттер акылдуу эсептегичтер менен толук камсыздалат.

Бүгүнкү күнгө чейин Ош электр тармактары ишканасынын кампасына жалпы 55 244 даана акылдуу эсептегич жеткирилген. Анын ичинен:

  • 1 фазалуу – 53 651 даана;
  • 3 фазалуу – 1 593 даана болсо, анын ичинен 1 фазалуу – 32 927 даана, 3 фазалуу – 109 даана эсептегич түзөт.

Связанный пост