Быйыл Нарын облусуна жалпы 127 миң 840 тонна көмүр керектелет

 Быйыл Нарын облусуна жалпы 127 миң 840 тонна көмүр керектелет

22-августта КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө айыл чарба штабынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйында күз-кыш мезгилине даярдык, айыл чарбасындагы оруп-жыйуу, малдын көчүп-конуусу, корук иштери жана КР Министрлер Кабинетинин №713-токтомунун аткарылышы боюнча маселелер каралды.

Штабдын отурумун КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси филиалынын жетекчиси Улан Айтиев, Нарын электр тармактар ишканасынын директорунун орун басары Исмаил Жабагиев, Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин башчысы Кудайберген Күчүков жана башкалардын маалыматтары угулду.

Райондордун акимдеринин жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда көйгөйлүү маселелер талкууланып, алдыдагы маанилүү өнөктүктөрдү натыйжалуу уюштуруу тапшырмалары берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров айрыкча билим берүү тармагынын отканаларын кышка кынтыксыз даярдоо, чарбасыз трансформаторлорду баланска алуу, бюджеттик мекемелерге көмүр тартууну 1-сентябрдан 25-октябрга чейин жыйынтыктоо, тоютту сыртка чыгарбоо чараларын күчөтүү, айыл чарба штабынын көчмө жыйынын жер-жерлерде өткөрүү, мал ооруларынын алдын алуу үчүн көчмө ветеринардык лабораторияны айылдарга алып барып кароо жүргүзүү, 1-октябрга чейин малды жайлоолордон түшүрбөй кармоо, коруктардын ишин күчөтүү, КР Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен ишке ашып жаткан айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу, төлөмдөрдү чогултууну активдештирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн: быйылкы жылы Нарын облусунун бюджеттик мекемелерине, жылуулук ишканаларына жана калкына жалпы 127 миң 840 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен 92 миң 400 тонна көмүр отуну элдин, калган 35 миң 440 тоннасы бюджеттик мекеме-ишканалардын керектөөлөрү. Бүгүнкү күнгө чейин 2057 тоннасы тартылган.

Ал эми талаачылык жумуштарында 2023-жылы 45 миң 849 гектар жер айдалып, белгиленген пландан 6 миң 444 гектарга көп айдалган. Мунун ичинде буудай 7 миң, арпа 22 миң 244, жүгөрү 156, май өсүмдугү 245, картошка 6 миң 300, жашылча 500, чанактуу дан 31, 4 бир жылдык чөп өсүмдугү 9 миң 372 гектарга эгилген. Облус боюнча жалпы пайдаланылбаган аянт өткөн жылдагыдан 575 гектарга кыскарган. Быйылкы жылы облус боюнча жалпы 75262 гектар тоют жыйналат. Азыркы учурда 54850 гектары же 72,8 пайызы жыйналып бүттү. Тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болуп, ар гектарынан орточо 30 центнерден алынды. Чөптүн 1 боосу базар баасында 380, жеринде 280-320 сомдон сатылып, өткөн жылдарга караганда жогору болууда. Андыктан тоютту облус аймагынан сырткары сатыкка чыгарбоо чаралары көрүлүүдө.

Связанный пост