Быйыл мектептердин курулушуна 1,86 млрд сом жумшалат

 Быйыл мектептердин курулушуна 1,86 млрд сом жумшалат

Бүгүн 1-сентябрь Билим күнүнө арналган иш-чарада КР Финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана Талас облусунун Манас районунун акими Досмамбет Жээнбековдун катышуусу менен Манас районундагы жаңы салынган Газы Малаев атындагы орто мектебинин ачылышы болуп өттү.  “Келечек ээлеринин пайдубалы, билим ордосу, акылдын бешиги болгон Газы Малаев атындагы орто мектеби жаңы окуу жылына карата өзүнүн босогосун ачып, окуучуларды күтүп алды. Эми биздин жаш достор жаркыраган, таза, жылуу, заман талабына ылайыкталган жаңы мектептен билим алышат. Мамлекет жетекчиси, Садыр Жапаров өзүнүн Президенттик кызматына киришкенден тарта эң негизги басымды мына ушул мектептердин курулушуна койгон”, – деди өз сөзүндө КР Финансы министринин орун басары Э.Калдыбаев.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу Кыргыз Республикасы боюнча жалпысынан 350 мектептин курулушуна 1 861 506,4 миң сом акча каражаты каралган.

Анын ичинен Талас облусу боюнча 19 мектептин курулушуна 108 425,70 миң сом акча каражаттары каралып, бүгүнкү күндө 86 295,30 миң сом акча каражаты курулуш заказчысынын берген билдирмелеринин негизинде каржыланды. Ошону менен бирге белгилей кетсек, Талас облусу боюнча  2023-жылдын аягына чейин 9 мектептин курулушун аяктоо мерчемделип, бүгүнкү күндө 2 мектептин курулушу бүткөрүлдү.

Связанный пост