Быйыл маданият ишмерлерине 200гө жакын турак жай тапшырылат

 Быйыл маданият ишмерлерине 200гө жакын турак жай тапшырылат

2026-жылдын күз айларында маданият ишмерлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан 200гө жакын турак жай тапшырылат. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.

Министрдин айтымында, белгилүү болгондой быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жарандарга 20 миңге жакын батир тапшырылат. Анын алкагында маданият тармагында эмгектенген кызматкерлер, анын ичинде театр ишмерлери да турак жайлуу болушат.

“Бул багытта буга чейин маданият кызматкерлерине тиешелүү тизмеге кирүү жана каттоодон өтүү боюнча тапшырмалар берилген. Эми алар жакында турак жай менен камсыз болот деп күтүп жатабыз”, — деди Мирбек Мамбеталиев.

Связанный пост