Быйыл Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод пайдаланууга берилет

Баткенде курулуп жаткан мунай заводу Эгемендүүлүк күнүн утурлай пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводдун курулушунан кабар алды.

Облус башчысы аталган ишкананын пайдаланууга берилүүсү үчүн жергиликтүү бийлик бардык жактан колдоо көрсөтөрүн айтты. Анткени, ири өнөр жай ишканасы аймактын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ.

Кыргыз-түрк биргелешкен заводу пайдаланууга берилсе АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, автоунаа жана башка техникаларга пайдаланылуучу суюк майлар өндүрүлөт.

Ишканага сырьё Кадамжай районунун Бүргөндү аймагынан ташылып келинет. Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анда 200 адам жумуш менен камсыз болот.

Ал эми мунайды өндүрүү (жер астынан казуу) объектисинде 250 жумуш оруну түзүлөт.

Мунайды кайра иштетүүчү ишканага 12 млн долларга жакын инвестиция салынды. Мында мунайды өндүрүү долбоорунун баасы 78 млн долларды түзөт.

Связанный пост