Быйыл 9 млн түп дарак отургузуу пландалууда
Президенттин демилгеси менен башталган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жашылдандыруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, жыл башынан бери республика боюнча 3 250 гектардан ашык жер аянтына 3 млн 820 миң 663 түп көчөт отургузулду. Учурда жаш көчөттөрдү сугаруу жана коргоо иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылы кампаниянын алкагында отургузула турган көчөттөрдүн санын 9 млн түпкө жеткирүү пландалууда. Бул көрсөткүч өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртууга жана токой аянттарын кеңейтүүгө багытталган.
Белгиленгендей, 2025-жылы өлкө аймагында жалпысынан 8 млн 239 миңден ашык бак-дарак отургузулган. Көчөттөр 6 420 гектар аянтты камсыздап, алардын өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5 пайызды түздү.