Быйыл 1500 чакырым жол жасалат
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, өлкөдө быйыл да жол куруу иштери жогорку темпте жүрүп жатат. Министр бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылы өлкө боюнча 1500 чакырым жолду куруу жана оңдоо планы толугу менен аткарылган. Быйыл да ушундай эле көлөмдөгү иштерди жүргүзүү мерчемделип, учурда пландан алдыда бара жатат.
“Бүгүнкү күнгө чейин 367 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Экинчи кварталдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүчтү 470 чакырымга жеткирүү максаты коюлган”, – деди Солтобаев.
Министр жол куруу иштеринин сезондук өзгөчөлүктөрүнө да токтолду. Анын айтымында, асфальтты сапаттуу төшөө үчүн абанын температурасы кеминде +10 градустан жогору болушу керек. Мындан улам кыш жана эрте жаз мезгилинде асфальт-бетон заводдору толук кандуу иштебей, жолдордо пайда болгон аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери кечеңдейт. Бул учурда мындай көйгөйлөрдү убактылуу чечүү үчүн муздак асфальт технологиясы колдонулат.
“Муздак асфальт алдын ала даярдалып, атайын вакуумдук пакеттерде сакталат. Ал суук мезгилде жолдогу аң-чөнөктөрдү тез арада оңдоого мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин мындай материалдарды чет өлкөлөрдөн сатып алып көргөнбүз. Өзүбүз да чыгарсак болот. Болгону аны өндүрүү үчүн керектүү кошумча материалдарды сырттан алып келүүгө туура келет”, – деп белгиледи министр.