Быйыл “100 өнөр жай – 2024” иш-чарасынын алкагында Ош шаарында ири өндүрүштүк ишканалар ишке киргизилет

Быйыл “100 өнөр жай – 2024” иш-чарасынын алкагында Ош шаарында ири өндүрүштүк ишканалар ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардын мэриясынан маалымдады.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасы ишке киргизилет. Анын ичинде Ош шаары боюнча да ири өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү пландаштырылган.

Бүгүн, бул максатта Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте ишке киргизилүүчү өндүрүш ишканалары менен жеринде таанышып чыгып, алардын айрым маселелерин ыкчам тартипте чечүү жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Ош шаарында ири логистикалык борборлор, суу түтүктөрүн чыгаруучу ишканалар, эт жана сүт кластери боюнча ишканалар ишке киргизүү болжолдонууда.

Связанный пост