Быйыл 10 миң үй-бүлө социалдык келишим түздү
Быйыл өлкө боюнча 10 миң үй-бүлө социалдык келишимге кол коюп, кайтарымсыз 100 миң сомдон алышат. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде катышуучулар менен финансылык сабаттуулук боюнча окутуулар башталды. Долбоор чакан жана орто бизнес кылууга багытталып,жумушсуздугу боюнча каттоого алынгандар же социалдык жактан муктаж болгондор катышат.Аталган долбоор бүткул дүйнөлүк азык-тулүк программасынын алкагында ишке ашырылып,ага 1 млрд сом бөлунгөн.Натыйжада 250 миң иш орундары түзүлөт.