Быйыл өлкөгө келген туристтердин санын 10 миллионго жеткирүү пландалууда

 Быйыл өлкөгө келген туристтердин санын 10 миллионго жеткирүү пландалууда

Быйылкы туристтик сезондо Кыргызстанга келген туристтердин санын 10 миллионго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы өлкөгө 9 миллионго жакын турист келип, 1 млрд доллардан ашык акча каражат калтырган.

“Быйыл жайкы туристтик сезон май айында башталат. Жакында минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында туристтик сезонго даярдык көрүү иш-чараларынын планы бекитилди. Мында туристтик мезгилге даярдыктар, туристтерди тосуу боюнча маселелер каралган. Туристтик сезондун башталышы менен 3-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун салттуу марафону өтөт. Ошондой эле Борбор Азия бирдиктүү туристтик аймак катары белгиленип, минкаб төрагасынын катышуусу менен туристтик форум орун алат. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү чакырылган, – деди директор.

Туризм департаментинин директору белгилегендей, муну менен катар туризм жаатындагы ишкерликти өнүктүрүүгө, жаштардын стартаптарына өзгөчө көңүл бурулат.

“Бул жаштардын туризм жаатындагы стартаптарына орун берген жаңы форматтагы форум болмокчу. Бул күнү ошондой эле ат чабыш, жорго салыш жана аламан чабыш өтөт”, – деди ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост