БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик 9 млн сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес

 БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик 9 млн сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери товарларды бажылык тариздөөчү жерге жеткирүү боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы Кыргыз Республикасынын резиденттери «Э. Н.» ЖЧК, «С.К.» ЖИнин дарегине «кийим-кече, жашылча-жемиш» сыяктуу товарлар Өзбекстан Республикасынан, Ирандан жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстан Республикасынын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген.
Бул транзиттик декларацияларга ылайык, бул товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү жерлерине жеткирилиши керек болчу.
Бирок БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана тиешелүү бажылык тариздөөсүз товарларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталган. 11 транзиттик декларация боюнча жеткирилбеген товарлардын баасы 127 416 АКШ долларын түздү. Товардын жалпы салмагы -282 526 кг түзгөн, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 944 428 сомду түзөт.
Көрсөтүлгөн фактылар боюнча материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Связанный пост