БШК Илимбек Кубанычбековду №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайланган депутаты деп тааныды

2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген.
№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 12 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышты.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 7 арыз жана даттануу түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ – 1, КГОР-7).
Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы КР ИИМнин ТК-нын, Кара-Суу районунун ИИБ-нын, Кара-Суу районунун прокуратурасынын өкүлдөрүнүн маалыматын укту. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги жөнүндө материалдар болгон жок.
Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматтар менен ушул шилтемелер боюнча таанышса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/.
Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде 21 023 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 18,77% түздү.
Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:
- Ажимаматов Сталбек Асанович – 2682 голоса (12,76%);
- Бакир Бакытбек – 533 голосов (2,54%);
- Эргешов Толкун Турдукулович – 2651 голосов (12,61%);
- Курбанов Раимжан Рахманович – 1884 голосов (8,96%);
- Мамазакиров Рустам Умарович – 1112 голосов (5,29%);
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7599 голосов (36,15%);
- Орунбаев Турдубек Дуйшонович – 3633 голоса (17,28%);
- «Баарына каршы» позициясына 458 шайлоочу добуш берген (2,18%).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликкее алып, Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.