БШК депутат Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

 БШК депутат Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн Боршайком Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

БШКдан билдиришкендей, мындай чечим депутаттын жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Гүлшаркан Култаева “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан парламентке шайланып келген.

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Боршайком “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде турган Гүлсүнкан Жунушалиевага Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды.

БШКдан билдиришкендей, Гүлсүнкан Жунушалиевага күбөлүк жана төш белги берилди.

Белгилей кетсек, бүгүн БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда арызынын негизинде токтоткон болчу.

Связанный пост